Италия менен Түркияда мигранттардын кайыктары чөгүп, адамдар курман болду

Дүйнө Загрузка... 02 Апрель 2026 18:58
WhatsApp_Image_2026_lbcZEqK.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.04.26 /Кабар/. Италиянын Лампедуза аралында жана Түркиянын батышындагы Мугла провинциясынын жээгинде мигранттар түшкөн кайыктар кырсыкка учурады. Бул тууралуу Kazinform агенттиги Euronews басылмасына шилтеме берүү менен билдирет.

Италиянын Лампедуза аралынын жээгинде кайгуул катери бортунда 77 адамы бар мигранттардын кайыгын байкаган. Алардын кеминде 19у каза болуп, дагы бешөө критикалык абалда турат. Кеме аралдан болжол менен 160 чакырым алыстыктагы эл аралык сууларда патрулдук катер тарабынан табылган.

Euronews маалымдагандай, айрым адамдар жардам келгенге чейин эле каза болуп калышкан. Өлүмгө дененин үшүк алышы жана суу толгон кайыктын түбүндө топтолуп калган углеводород буусунан уулануу себеп болгону болжолдонууда.

Лампедуза Түндүк Африкадан Жер ортолук деңизи аркылуу Европага сүзүп келген мигранттар үчүн негизги багыт бойдон калууда. Көбү жолдо каза табышат. БУУнун алдындагы Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери Жер ортолук деңизинин борбордук бөлүгүндө 624 адам каза болгон же дайынсыз жоголгон, ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 1300дөн ашкан.

Дагы бир трагедия Эгей деңизинде, Түркиянын батышындагы Мугла провинциясынын жээгинде болуп, мигранттардын желим кайыгы чөгүп кеткен. Анда 19 адам каза болду, алардын арасында бала да бар.

Түркиянын Жээк коопсуздук кызматы билдиргендей, ондогон адамдары бар кеме токтоо боюнча бир нече жолу берилген талаптарды четке кагып, жогорку ылдамдыкта качууга аракет кылган жана жыйынтыгында оодарылып кеткен. Кеминде 20 адам куткарылды.

Мугла провинциясынын губернатору Идрис Акбыйыктын айтымында, мигранттардын баары Афганистандан келгендер болгон. Алар грек аралдарын көздөй багыт алышкан. Италия сыяктуу эле Греция да Жакынкы Чыгыш, Африка жана Азиядагы кагылышуулардан жана жакырчылыктан качкан адамдар үчүн Евробиримдикке кирүүчү негизги пункттардын бири болуп саналат. Алардын көбү Түркиянын жээгинен жакынкы грек аралдарына чейинки кыска, бирок көбүнчө кооптуу сапарын ачык деңизде сүзүүгө жараксыз кичинекей кайыктар менен ишке ашырышат.