Израилдин билдирүүсү негизсиз жана эки өлкөнүн мамилесине зыян келтирет – Жекшенкулов

Саясат Загрузка... 01 Май 2026 11:20
2019-01-10_15-59-30_413276.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 01.05.26 /Кабар/. Израилдин президентинин Кыргызстан тууралуу билдирүүсү - өлкөнүн өз алдынча тышкы саясат жүргүзүүдөгү суверендүү укугуна одоно кийлигишүү жана бурмалоо болуп саналат. Бул тууралуу саясатчы Аликбек Жекшенкулов Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Жекшенкуловдун айтымында, бул таптакыр негизсиз жана далилсиз пикир болуп саналат.

“Израилдин президенти Ицхак Герцогдун Иран Кыргызстанды санкцияларды айланып өтүү максатында колдонушу мүмкүн деген билдирүүсүн таң калып, өтө нааразы болдум.

Мындай пикир өлкөнүн өз алдынча тышкы саясат жүргүзүүдөгү суверендүү укугуна одоно кийлигишүү жана бурмалоо болуп саналат.

Бул таптакыр негизсиз, далилсиз билдирүүлөр. 2026-жылы Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылып жатканы жалпыга маалым. Мамлекет башчыларынын Бишкек шаарындагы саммитине даярдануунун алкагында ар кандай иш-чараларды, жыйындарды жана консультацияларды өткөрүү үчүн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн расмий делегациялары Кыргызстанга келишүүдө. Бул — эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүндөгү кадимки дүйнөлүк практика. Андан тышкары, ШКУ БУУ тарабынан таанылган жана дүйнө жүзүндө абройлуу уюм экенин эске салгым келет.

Мындан улам “Кыргызстан Иран тарабынан контрабандалык маршрут катары колдонулушу мүмкүн” деген негизсиз тыянактарды чыгаруу - бул суверендүү мамлекеттин эл аралык саясатын баалоодо Израилдин азыркы саясий жетекчилигинин дипломатиясынын компетенттүүлүгүнө шек жаратат. Ошол эле учурда, мындай жалаа мүнөзүндөгү билдирүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге олуттуу зыян келтирип, алардын чыныгы максаттарына да күмөн саноого негиз берет.

Андан тышкары, мындай жоопкерчиликсиз билдирүүлөр дүйнөлүк коомчулуктун нааразычылыгын жаратууда. Анткени алар Израиль бийлигинин азыркы сионисттик режими күн сайын БУУнун резолюцияларын, ар кандай эл аралык уюмдардын билдирүүлөрүн жана көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлеринин аймактык жана глобалдык коопсуздук боюнча талаптарын эске албай жатканын көрүп жатышат.

Анын эл аралык укуктун бардык нормаларын одоно түрдө бузушу — чек аралардан өтүп, суверендүү мамлекеттердин аймактарына кийлигишүүсү, тынч жашаган жарандарга каршы зомбулук аракеттерин жүргүзүү, жарандык объектилерди, анын ичинде мектептерди бомбалоо — оор гуманитардык кесепеттерге алып келүүдө. Бул аракеттер Газада, Палестинада, Ливанда, Сирияда жана Иранда жүздөгөн, миңдеген жөнөкөй адамдардын, анын ичинде аялдар менен балдардын өмүрүн алган.

Бүткүл дүйнө Израилдин ондогон жылдар бою башка мамлекеттердин аймактарын басып алып жатканын, акыл-эси жайында адамдардын баарынын жек көрүүсүн жана нааразычылыгын жаратып келгенин билет.

Өзүндө ядролук курал бар экенин ачык моюнга албай, ошол эле учурда башка мамлекеттерге тынчтык максатындагы атомдук энергетика программаларын өнүктүрүүгө жол бербеген өлкөнүн жетекчилерине ишенүүгө болбойт. Мындай эки жүздүү жетекчилердин Кыргызстандагы санкцияларды бузуу маселесине капысынан кабатырланып жатканы таң калыштуу.

Кыргыз элинде “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” деген таамай айтылган макал бар”, - деп сөзүн жыйынтыктаган саясатчы.