Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимовдун эл менен жолугушуусу Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында уланды.
Өкулчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууга жалпы 400дөй тургун келип, 39 жаран бир катар суроолорун беришти.
Тургундар таза суу, мектеп, бакча жана оорукана куруу, селден коргонуу, сууну үнөмдөө жана жер тилкелерин бөлүп берүү сыяктуу маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле жумуш орундарын түзүү, коопсуздукту камсыздоо, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу сыяктуу көйгөйлөр айтылды.
Мындан тышкары, бир катар жарандар жеке көйгөйлөрү боюнча да кайрылышып, тиешелүү суроолорун узатышты.
Облус башчысы ар бир көтөрүлгөн маселе боюнча тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрүнө тапшырмаларды берип, айрым маселелер жеринде чечилсе, кошумча убакытты талап кылган көйгөйлөр мыйзам чегинде жана этап-этабы менен чечилерин белгиледи.
Ошондой эле Рахимов мамлекет тарабынан аймактарды өнүктүрүү, калктын жашоо-шартын жакшыртуу жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүү багытында ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеп, эл менен тыгыз байланышта иш алып баруу негизги багыттардын бири экенин билдирди.
Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасы менен өлкөнүн бардык аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолушуп, көйгөйлөрүндү жеринде чечишүүдө.