Кара-Суу шаарына 7 жаңы атайын техника берилди

Аймак Загрузка... 22 Июнь 2026 17:30
copyright icon Кара-Суу шаарынын мэриясы

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Кара-Суу шаарынын тазалыгын сактоо жана инфратүзүмүн жакшыртуу максатында 7 атайын техника сатып алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, техникалар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу алынды.

Коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн төмөнкү техникалар түзүмгө кошулду:

  • 2 даана таштанды ташуучу унаа;
  • 1 даана суу ташуучу унаа;
  • 1 даана экскаватор жана 1 даана фронталдык жүктөгүч;
  • 1 даана манипулятор жана 1 даана оор жүк ташуучу унаа.

Мындан сырткары, буга чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 "Портер", 1 "Лабо» жана 1 жеңил унаа сатып алынган.