Рекорддук көрсөткүч: Талас облусунда бир күндө 29 кичи футбол аянтчасы ачылды

Аймак Загрузка... 22 Июнь 2026 17:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Бүгүн Талас облусунда бир күндө 29 кичи футбол аянтчасы расмий түрдө колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын курулушу президенттин фондунун эсебинен жүргүзүлдү. Анын ичинен:

  • Талас шаарында - 6;
  • Манас районунда - 8;
  • Айтматов районунда - 7;
  • Бакай-Ата районунда - 3;
  • Талас районунда - 5 футбол аянтчасы курулду.

Футбол аянтчалары жергиликтүү бийликке катталып, жалпы журтка кызмат кылат.

Долбоордун негизги максаты - жаш муундун ден соолугуна кам көрүп, алардын дене тарбияга болгон кызыгуусун күчөтүү жана машыгууга ыңгайлуу, заман талабына жооп берген мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу.