Кашка-Сууда каналга агып кеткен келиндин сөөгү табылды

Кырсык Загрузка... 24 Июнь 2026 13:20
1101989777_0_336_960_876_1920x0_80_0_0_c1a332af14dbb34ca43d29d81714c953.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Кашка-Сууда каналга агып кеткен келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, келиндин сөөгүн жергиликтүү тургун байкап калган.

"Куткаруучулар сөөктү суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек 20-июнда Кашка-Суу айылындагы тез агуучу каналга 1995-жылы туулган Н.Н. аттуу аял киши түшүп кеткен.