Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Бүргөндү магистралдык каналынын оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.
Оңдоп-түзөөдөн кийин башкы суу алуучу курулманын жана Бүргөндү магистралдык каналынын баштапкы бөлүгүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 18 м³/секундадан 30 м³/секундага чейин көбөйтүү каралган. Долбоордун көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу долбоор үч лотко бөлүнгөн.
Адылбек Касымалиев оңдоо иштерин убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.