Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Охна чакан ГЭСинин курулуш иштерин көрүп чыкты.
Чакан ГЭС Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында курулууда. Долбоордун сметалык баасы 30 млн АКШ долларын түзүп, ГЭСтин кубаттуулугу 22 МВтты түзөт.
Адылбек Касымалиев ГЭСтин курулуш иштерин убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.