Петербург экономикалык форуму: Кыргызстан биринчи жолу Улуттук стендин ачты

Министрлер кабинети Загрузка... 03 Июнь 2026 18:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Петербург эл аралык экономикалык форумунун тарыхында биринчи жолу Кыргызстан өзүнүн Улуттук стендин көрсөттү. Ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты.

Данияр Амангелдиев өз сөзүндө бул иш-чаранын өлкө үчүн стратегиялык маанисин белгиледи.

"Петербург эл аралык экономикалык форуму сыяктуу абройлуу эл аралык жайда өзүбүздүн Улуттук стендибизди көрсөтүү биздин экономикалык дипломатиябыздын жаңы этабын билдирет. Бул Кыргызстандын дүйнөгө ачыктыгынын жана эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулганыбыздын ачык далили", - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары стенд Кыргызстандын динамикалык өнүгүүсүн, олуттуу инвестициялык потенциалын, экономиканын негизги тармактарындагы жетишкендиктерин, биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын ачык көрсөтүүгө багытталганын белгиледи.

Кыргызстандын Улуттук стенди эки тараптуу жолугушуулардын, инвестициялык долбоорлордун презентацияларынын жана кыргыз жана чет элдик бизнес-коомчулуктун ортосунда түз байланыштарды түзүү үчүн негизги аянт болот. Стендге келгендер өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде энергетика, туризм, санариптик экономика, өнөр жай кооперациясы жана транспорт инфраструктурасы менен тааныша алышат.