Касымалиев узак убакыттан бери жубайы менен алгачкы жолу кофе ичкенин айтты

Министрлер кабинети Загрузка... 13 Май 2026 11:50
WhatsApp Image 2026-05-13 at 07.13.59 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш графигинин тыгыздыгы жана үй-бүлөсүнө убактысынын жетишсиздиги жөнүндө айтып берди.

Минкаб жетекчиси эс алуу үчүн кайсы бир жакка бара алабы деген суроого да жооп берди.

"Чынын айтсам, мен бул кызматта иштей баштагандан бери убактым тар. Мурда үй-бүлөм менен кофе ичкенге же кафеге бара алчубуз, азыр мындай учур сейрек кездешет. Жакында эле президент менен Ысык-Көлгө биринчи жолу бардым. Ал жерде, Чолпон-Атада жубайым менен көптөн бери биринчи жолу чогуу кофе ичүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Жубайым буга таң калды", - деди Адылбек Касымалиев.