Күйүүчү май жеткирүү боюнча 5 өлкө менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө – Эшатов

Экономика Загрузка... 06 Июль 2026 18:20
5429483689382448322_XdZRygn.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Кыргызстандык компаниялар күйүүчү-майлоочу май жеткирүү боюнча кайсы өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди.

"Биздин компаниялар Кытай, Казакстан, Азербайжан, Беларусь жана Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Алар күйүүчү майды кайсы жерден тезирек табууга жана Кыргызстанга кайдан арзанырак алып келүүгө болорун караштырууда", - деди Эшатов.

Ошондой эле Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси келишимдерге кол коюу тууралуу маалымат кийинчерек белгилүү болорун тактап өттү.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын кору жетиштүү. Бул тууралуу буга чейин энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирген.

Анын айтымында, өлкөдөгү болгон күйүүчү майдын кору бирден бир жарым айга чейинки мөөнөткө жетет.

"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, акыркы 3-4 жылда дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдын курчушуна байланыштуу энергетикалык рыноктогу абал тез арада өзгөрдү. Буга байланыштуу мамлекеттер өздөрүнүн ички баланстарын, муктаждыктарын жана КММ жеткирүүнү диверсификациялоо маселелерин кайрадан карап чыга башташты. Алардын катарында Кыргызстан да бар. Нефть жана газ өндүрүүнүн тиешелүү деңгээлде жоктугунан улам, биз дагы деле импортко көз каранды мамлекет бойдон калуудабыз", - деди Керимов.