"Тамчы" инвестициялык аймагында 30дан ашык чет элдик катталды – Сабиров

Экономика Загрузка... 03 Июль 2026 17:30
WhatsApp Image 2026-07-03 at 14.33.46.jpeg
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Улуттук инвестиция агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров Ысык-Көлдө "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын ачылышын өлкө үчүн тарыхый окуя деп атады.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров англис укугунун принциптерине таянып иш алып бара турган жаңы инвестициялык аянтчаны расмий түрдө ачты.

"Бүгүн өлкө тарыхында абдан маанилүү окуя болду. "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагы эл аралык бизнес менен инвестицияларды өзүнө тарткан жаңы борборго айланат", - деп белгиледи Сабиров.

Ал ачылыш аземинин алкагында алгачкы беш резидентке аталган аймакта иш жүргүзүүгө уруксат берген тастыктамалар тапшырылганын баса белгиледи. Бул компаниялар банк сектору, каржылык кызмат көрсөтүүлөр, транзакциялар, курулуш жана туризм сыяктуу багыттарда иштөөнү пландап жатышат.

Агенттиктин башчысынын айтымында, бул борборду түзүүдө дүйнөдөгү эң мыкты тажрыйбалар, анын ичинде Казакстандагы "Астана" эл аралык каржы борбору менен Дубайдын эл аралык каржы борборунун иш тажрыйбасы изилденип, өлкө шартына ылайыкташтырылган.

Ошондой эле Равшанбек Сабиров бүгүнкү күндө "Тамчы" инвестициялык аймагында Сингапур, Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, КМШ мамлекеттери жана башка өлкөлөрдөн келген 34төн резидент каттоого алынганын билдирди.

Жаңы аймактын эң башкы өзгөчөлүгү – анда англис укугунун нормалары колдонулат. Мындай ыкма инвесторлорду коргоонун жогорку деңгээлин камсыздап, эл аралык бизнес чөйрөсүнүн ишенимин арттырат жана Кыргызстандын дүйнөлүк инвестициялык аренадагы ордун бекемдейт деп күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн Ысык-Көл облусунда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын расмий ачылышы өтүп жатат.Ал Ысык-Көлдүн жээгиндеги 6 миң гектарга жакын аянтта түзүлгөн. Бул жерде катталгандар үчүн англис жалпы укугунун нормалары менен иштөө, 49 жылдык мөөнөткө нөлдүк салык ставкасы жана тапкан пайданы 100 пайыз өз өлкөсүнө тоскоолдуксуз алып кетүү (репатриациялоо) укугу каралган. 2035-жылга чейин бул аймакта 3 900дөн ашык компанияны жайгаштыруу жана 10 000ден ашык жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда.