Инвестор: "Тамчы" инвестициялык аймагы өлкө экономикасына жаңы дем берет

Экономика Загрузка... 03 Июль 2026 16:25
WhatsApp_Image_2026_G1viZrx.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагында каттоодон өтүү чечимин кабыл алган алгачкы инвесторлордун бири – Түштүк Кореянын "Serim" компаниясынын башкы директору Со Дон Хён болду. Бул тууралуу ал "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ал "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын расмий ачылыш аземине катышып жатканына кубанычта.

"Буга чейин бул долбоордун пайдубалына капсула салуу аземине да катышкам. Азыр бул аймакта заманбап институттук жана укуктук негиз түзүлүп, жакшы уюштурулган. Менин оюмча, келечекте бул аймак Кыргызстандын экономикасынын жыл сайын 10 пайыздык өсүшүнө олуттуу салым кошот", – деди ал.

Со Дон Хён "Тамчы" финансылык-инвестициялык аймагы чет элдик компанияларга бир катар жеңилдиктерди жана институттук колдоону сунуштай турганын өзгөчө белгиледи.

"Тамчы" финансылык-инвестициялык аймагы ийгиликтүү иштеп, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот деп ишенем", – деп кошумчалады инвестор.

Белгилей кетсек, бүгүн Ысык-Көл облусунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын расмий ачылыш аземи өтүүдө.

Долбоор 2025-жылдын 10-июлунда кабыл алынган №136 мыйзамдын негизинде Ысык-Көлдүн жээгиндеги болжол менен 6 миң гектар аянтта түзүлгөн. Анын резиденттери үчүн англиялык жалпы укуктун нормалары боюнча иш алып баруу, 49 жылдык мөөнөткө нөлдүк салык чени жана кирешени өлкөдөн 100 пайыз чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралган. 2035-жылга чейин аймакта 3 900дөн ашуун компанияны жайгаштырып, 10 миңден ашуун жумуш ордун түзүү пландалууда.