Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жалпы 90 миң 387,4 тонна минералдык жер семирткич камсыздалып, республика боюнча камсыздоо деңгээли 49,6%ды түздү.
Анын ичинен түрлөрү боюнча алганда:
- азоттук жер семирткичтер – 51 498,0 тонна (жалпы керектөөнүн 53,5%);
- фосфордук жер семирткичтер – 37 872,0 тонна (53,4%);
- калийдик жер семирткичтер – 1 017,4 тонна (6,7%).
Министрлик айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн арттыруу максатында жер семирткичтерди жеткирүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатканын белгилейт жана фермерлерди азыктарды агротехникалык талаптарга ылайык өз убагында пайдаланууга чакырат.