Кочкордо 217 батирлүү ипотекалык үйлөр курулуп жатат

Аймак Загрузка... 23 Июнь 2026 17:00
728243810_952206261183067_2248395689538981096_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Кочкордо 217 батирлүү ипотекалык үйлөр курулуп жатат

Бүгүн президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп батирлүү турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына аянты 2 гектар жер тилкесинде беш кабаттуу 8 блоктон турган турак жай комплексинин курулушу уланып жатканы тууралуу маалымдалды. Жалпы 217 батирден турат. Бүгүнкү күнгө карата курулуш иштери 80%га аяктады.

Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрүн сактоо жана жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасын берди.