УКМК Академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды

Коом Загрузка... 03 Июль 2026 12:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. Бүгүн УКМКнын генерал-лейтенант А.Бакаев атындагы Академиясында кезектеги бүтүрүүчүлөргө алгачкы офицердик наамдарды жана дипломдорду салтанаттуу тапшыруу аземи өттү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, салтанаттын алкагында аталган окуу жайдын кесиптик кайра даярдоо курсунун угуучуларына, ошондой эле Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайларын аяктап келген кыргызстандык бүтүрүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.

Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ведомствонун ардагерлери жана кызматкерлери катышты.

Салтанатта УКМК жетекчилиги бул окуу жайды улуттук коопсуздук органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдаган алдыңкы борбор катары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Соңку бүтүрүүчүлөр өлкөнүн мамлекеттик коопсуздугун камсыз кылуу жана улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттерди натыйжалуу аткарууга тийиш экендиги баса айтылды.