ШКУ саммити: Бишкектин Абдрахманов көчөсүндөгү үй кандай өзгөрдү?

Коом Загрузка... 03 Июль 2026 13:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Биринчи май райондук администрациясы

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсү, 176 дарегиндеги имараттын сыртын жаңылоо иштери аяктады.

Биринчи май райондун администрациясынан билдиргендей, иштердин жүрүшүндө имараттын сырты сырдалып, кондиционерлердин сырткы блоктору башка жерге көчүрүлдү. Ошондой эле архитектуралык жарыктандыруулар орнотулуп, кондиционерлер үчүн кооздоочу кутулар монтаждалды. Бул аракеттер имараттын сырткы архитектуралык көрүнүшүн кыйла жакшыртууга мүмкүндүк берди.

Мындан сырткары, имаратка чектеш аймакта эки фонтандын курулушу каралган. Оңдоо иштерин "Баркут" ЖЧКсы аткарды.

Белгилей кетсек, бул объектти жаңылоо иштери ШКУнун саммитине карата көрүлгөн даярдыктардын алкагында ишке ашырылууда.