Укуктук көпүрө: Кыргыз жана тажик акыйкатчылары кызматташат

Коом Загрузка... 22 Июнь 2026 16:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен Тажикстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Умед Бобозода кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, бул эки өлкөнүн адам укуктарын коргоо институттарынын ортосундагы адам укуктарын коргоо жаатындагы биринчи кызматташуу келишими.

Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин аймактарында жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушу тууралуу маалымдоону, бул боюнча кайрылууларды кароону жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде бузулган укуктарды калыбына келтирүүгө жардамдашууну макулдашты.

Жамиля Жаманбаева менен Умед Бобозода эки өлкөнүн жарандарын биргелешип кабыл алуу, мониторинг жана укуктук кеңеш берүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда.

"Бул тарыхтагы биринчи меморандум жөн гана декларативдик документ болуп калбайт деп ишенем. Ал адам укуктарын коргоонун күн сайын иштеген, куралына айланат. Мындан ары эки өлкөнүн жарандарынын кайрылууларын ыкчам кароо үчүн укуктук негиз пайда болду", — деди акыйкатчы.

Умед Бобозода Тажикстан менен Кыргызстандын бардык кызматташуу багыттары боюнча көп кылымдык коңшулугун жана тыгыз байланыштарын белгиледи.

"Биздин кызматташтык жарандардын кызыкчылыгын коргоодо жакшы жыйынтык алып келет деп ойлойм", — деп баса белгиледи Тажикстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.