Тогуз-Тородо Казарман ГЭСтер каскады курула баштады

Аймак Загрузка... 16 Июнь 2026 14:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тогуз-Торо районунун администрациясы

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Тогуз-Торо районунда Нарын дарыясына курула турган өлкөдөгү эң ири гидроэнергетикалык объекттердин бири – "Казарман ГЭСтер каскады" долбоорунун алгачкы курулуш иштери кызуу башталды.

Райондук администрациядан билдиришкендей, күн мурун аким Нурлан Эшмукамбет уулу курулуш аянтчасына барып, жумушчулар үчүн салынып жаткан мобилизациялык шаарчанын жүрүшү менен таанышты.

Долбоордун жалпы кубаттуулугу 912 МВтты түзүп, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздайт. Каскадга кирген ГЭСтер:

  • Алабуга ГЭСи — 600 МВт;
  • Карабулуң-1 ГЭСи — 149 МВт;
  • Карабулуң-2 ГЭСи — 163 МВт.

Долбоор министрлер кабинети менен "Орто Азиялык инвестициялык холдинг" ААКтын ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашууда.

Курулушту ыкчам баштоо үчүн райондук администрация тарабынан 23 гектар жер тилкеси трансформацияланып, инвесторго толугу менен өткөрүлүп берилди.

Учурда курулуштун эң алгачкы баскычы - жумушчулар жашай турган шаарчаны куруу жана даярдоо иштери жүрүп жатат. Аймак жетекчилиги бул стратегиялык объектти сапаттуу куруу үчүн бардык шарттар түзүлөрүн убада кылды.