Кулубаев Эфиопиянын тышкы иштер министри менен телефондо сүйлөштү

Саясат Загрузка... 28 Апрель 2026 14:45
7d52d101-a512-3753-a024-f1023babdcda.png
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эфиопиянын тышкы иштер министри Гедион Тимотевос менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү.

ТИМден билдиришкендей, тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулап, мамлекеттердин тышкы саясат мекемелери арасындагы байланыштарды жандандырууну макулдашты.

Көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу боюнча пландар талкууланды.