Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Курулушчулардын алгачкы жолу футболдук турнири өтөт.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен маалымдашкандай, мелдеш 19-октябрда Бишкектеги “Алга” спорт комплексинде уюштурулат.
Министрликтин демилгеси менен өтө турган Курулуш лигасына (К-лига) курулуш компаниялар катышат. Футбол талаасында беттеше турган командалар өлкөдөгү ири жана чакан курулуш компанияларынын кызматкерлеринен түзүлдү.
Турнир тармактагы ынтымакты бекемдөө, кызматташууну арттыруу жана сергек жашоо образын жайылтуу максатын көздөйт.
Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат.