Бишкек, 08.04.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Санкт-Петербург шаарынын Тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра менен жолугушту.
Эдил Байсалов Евгений Кассюранын бул сапары эки тараптуу жана аймактар аралык кызматташуунун актуалдуу маселелерин предметтүү талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. Ошондой эле ал Россиянын маданий борбору Санкт-Петербург менен практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилерин билдирди.
Минкаб төрагасынын орун басары Кыргыз-Санкт-Петербург өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 13-жыйынында жетишилген макулдашууларды жана жоболорду ырааттуу ишке ашыруу уланып жатканын белгиледи. Бул багытта эки тараптын ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өткөрүү маселесин өзүнчө иштеп чыгуу максатка ылайыктуу экени айтылды.
Жолугушууда тараптар инвестиция, экономика, билим берүү, саламаттык сактоо, соода жана маданий-гуманитардык байланыштар сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Мындан тышкары, өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги 14-жыйынынын датасын белгилөө боюнча пикир алмашышты.