Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Япониянын тышкы иштер министринин орун басары Ишикава Масаки менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду активдүү улантуу, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү, ошондой эле укуктук-келишимдик базаны кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Мындан сырткары, "Борбор Азия + Япония" форматындагы диалогдун алкагында аймактык кызматташуунун багыттары сүйлөшүлдү.
Соңунда тараптар мындан ары эки тараптуу байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.