Кыргызстан менен Германия соода жана инвестициялык байланыштарды жандантат

Саясат Загрузка... 02 Июнь 2026 10:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 02.06.26 /Кабар/. Күн мурун Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Федералдык тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министрлер өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана өз ара пайдалуулук принциптерине негизделген кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Алар жигердүү саясий диалогду сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзө турган ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну макулдашты.

Эки тараптуу күн тартибинин негизги маселелерине, биринчи кезекте соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты жандандырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жээнбек Кулубаев Европа биримдигинин санкциялык саясатына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, бир тараптуу чектөөлөр Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык туруктуулугу үчүн айрым тобокелдиктерди жаратарына көңүл бурду. Ал Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так сактоо менен санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөө максатында ЕБ менен ачык жана конструктивдүү диалогду колдой турганын белгиледи.

Ушуга байланыштуу тараптар санкциялык саясатка салыштырмалуу жалпы максаттарга жетүүнүн кыйла натыйжалуу куралы болуп саналган тең укуктуу жана ишенимдүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашып, БУУ, ЕККУ жана ЕБ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы мындан аркы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого берилгендигин ырасташты.