Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Күн мурун, 1-июнда Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Айбек Токтоболотов Катардын муниципалитет министри Абдулла бин Хамад бин Абдулла Аль-Аттия менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыгын чыңдоонун учурдагы маселелерин жана келечегин, ошондой эле эки өлкөнүн борборлорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Мында Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын Катарга экспорттоонун мүмкүнчүлүгү, ошондой эле кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн Дохада өткөн көргөзмө жана жарманкелерге катышуусу талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну андан ары кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин тастыкташты жана жетишилген келишимдерди ишке ашыруу үчүн, биргелешип иштөөнү улантууну макулдашышты.