Кыргызстан менен Грузия шаар курууну санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашат

Тышкы саясат Загрузка... 14 Октябрь 2025 16:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 14.10.25./Кабар/. Кыргызстан менен Грузия шаар курууну санариптештирүү жаатында тажрыйба алмашууну макулдашты.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, 13-октябрда КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин орун басары Бактыяр Станбеков башында турган делегация Грузиянын экономика жана туруктуу өнүгүү министринин орун басары Нино Енукидзе жана Азия өнүктүрүү банкынын Грузиядагы өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтердин негизги иш багыттары айтылып, аймактык пландоо, архитектура-курулуш тармагына санариптик картографиялык база түзүү боюнча кызматташуу жана өз ара жардам берүү багыттары аныкталды.

"Тараптар шаар куруу тармагын санариптештирүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу боюнча өз ара тажрыйба алмашуу жана кызматташууну макулдашты",-деп айтылат маалыматта.