Кыргызстан менен Өзбекстан соода жүгүртүүнү $2 млрд жеткирүүнү көздөйт

Экономика Загрузка... 23 Июнь 2026 15:20
6a3a4accb6efa (1).jpeg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 12-жыйыны өттү. 

Жыйын Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында болду.

Анда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан Өзбекстан менен соода-экономикалык тармакта кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин, бул багытта өз ара сооданын тынымсыз өсүп жатканын белгиледи.

“2025-жылдын аягына чейин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода жүгүртүү 1 млрд доллардан ашып, бул 2024-жылга салыштырмалуу 19%га өстү. Акыркы беш жылдын ичинде эки эсе өскөнүн баса белгилегим келет. Биз 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү”, — деди Адылбек Касымалиев.