Кыргызстандын эл аралык резервдери тарыхый чекке жетти

Экономика Загрузка... 23 Июнь 2026 14:00
naczionalnyj-bank-kr-850x560.jpg
copyright icon Кабар

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын каржы системасы 2025-жылдын аягына чейин туруктуулукту, күчтүү өсүштү жана масштабдуу санариптик трансформацияны көрсөттү.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, тышкы экономикалык кыйынчылыктарга жана бүткүл аймактагы инфляциялык басымга карабастан, кылдат акча-кредит саясаты өлкөдөгү инфляцияны бир орундуу санда кармап турат.

“Базалык инфляция 6,6%ды, жылдык инфляция декабрда 9,4%ды түздү, орточо жылдык инфляция 8,2% деңгээлинде сакталды”,-деп айтылат маалыматта.

Эл аралык резервдердин өсүшү Кыргызстандын макроэкономикалык туруктуулугун чыңдоонун негизги фактору болду. Өлкөнүн дүң эл аралык резервдери 2024-жылга салыштырмалуу 69% га өсүү менен 8,6 млрд долларды түзүп, тарыхый эң жогорку чекке жетти.