Кыргызстанда 640 мугалим жетишпейт – Агартуу министрлиги

Билим Загрузка... 03 Июнь 2026 18:35
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.11.45.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 640 мугалим жетишпейт. Муну менен катар сентябрь айында Агартуу министрлиги мектептердеги кадрдык муктаждыктар боюнча жаңыртылган маалыматтарды алат. Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, эң чоң тартыштык орус тилинде окуткан предметтердин мугалимдеринин арасында байкалууда, анткени жаш адистер педагогикалык жогорку окуу жайлардын орус тилдүү бөлүмдөрүн сейрек тандашат. Буга байланыштуу министрлик кээде россиялык кесиптештерине колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылып турат.

"Учурда мектептерде чет өлкөдөн келген 140 мугалим иштеп жатат, бирок бул аздык кылат. Ушундан улам, эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен студенттер окуп жүргөн учурунда эле мектептерде иштеп, акча таба алышы үчүн атайын мыйзам кабыл алынган. Өткөн жылы Бишкекте ушундай көйгөй жаралып, 3-курстан баштап 400 студент шаардык мектептердеги мугалимдердин тартыштыгын жабууга жардам берди", - деди министр.

Анын айтымында, бир гана Бишкек шаарында 300гө жакын мугалим жетишпейт. Үстүбүздөгү жылы бул көйгөйдү чечүүгө педагогикалык ЖОЖдор менен түзүлгөн үч тараптуу келишимдер, ошондой эле социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жана эмгек акынын жогорулашы жардам берери күтүлүүдө.

"Борбордогу мектептердин директорлорунун жана окуу бөлүмүнүн башчыларынын (завучтарынын) айтымында, буга чейин жеке менчик мектептерге иштегени кеткен көптөгөн мугалимдер бүгүнкү күндө кайра артка кайтып келүүнү каалап жатышат", - деди Кендирбаева.

Эске салсак, бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында бир күнүн ЖМК өкүлдөрү менен бирге өткөрүп, ведомство башчысынын жумуш күнү кандай өтөрүн көрсөтүүдө.