Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында педагогдор үчүн 500 орундуу ден соолукту чыңдоочу окуу борборун куруу пландалып жатат. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында "Кабар" агенттигине билдирди.
"Президенттин демилгеси менен Кош-Көл айылында жайгашкан кесиптик-техникалык окуу жайынын (ПТУ) базасында мугалимдер үчүн 500 орундуу ден соолукту чыңдоочу окуу борборун куруу тапшырмасы берилген. Учурда долбоорлоо-изилдөө иштери жүрүп жатат. Бардык маалыматтарды бергенбиз, жакында курулуш иштери башталат", - деди министр.
Анын айтымында, бул жылы билим берүү уюмдарынын иши жана бюджети эң биринчи кезектеги өтө маанилүү милдеттерди чечүүгө, анын ичинде авариялык абалдагы мектептердин жана курулушу жүрүп жаткан мектептердин курулушун аягына чыгарууга багытталган.
"Муну менен катар эле педагогдор үчүн ден соолукту чыңдоо борбору да курулат», — деп кошумчалады ал.
Эске салсак, бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында бир күнүн ЖМК өкүлдөрү менен бирге өткөрүп, ведомство башчысынын жумуш күнү кандай өтөрүн көрсөтүүдө.