Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Жаңы окуу жылынан баштап өлкө боюнча 500 мектепте акысыз шахмат ийримдери иштей баштайт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында Дене тарбия, спорт жана маданият боюнча республикалык усулдук борборго барган учурда билдирди.
Ведомство башчысы белгилегендей, бул демилге президенттин тапшырмасы менен ишке ашууда. Ийримдерди уюштуруу үчүн мамлекет мектептерди зарыл болгон инвентарлар жана усулдук материалдар менен камсыз кылат.
"Учурда окуу программалары иштелип чыгып, жаңы долбоордун алкагында окуучулар менен иштей турган педагогдорду даярдоо жүрүп жатат. Эгерде долбоор жакшы жыйынтыктарды көрсөтсө, шахмат ийримдери республиканын башка мектептеринде да ачылат", - деди Кендирбаева.
Мектептерге шахмат ийримдерин киргизүү окуучулардын логикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн, ошондой эле чечим кабыл алуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.
Эске салсак, бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында бир күнүн ЖМК өкүлдөрү менен бирге өткөрүп, ведомство башчысынын жумуш күнү кандай өтөрүн көрсөтүүдө.