Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда E-Notary ("Электрондук нотариат") маалыматтык системасы ишке киргизилди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандар үчүн e-Notary системасын киргизүү жасалма ишеним каттар жана архивдик документтердин жоголушу сыяктуу тобокелдиктерди минималдаштырат. Ал эми мамлекет үчүн бул долбоор мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жогорулатып, жеке менчикти коргоону камсыздайт жана санариптик экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт.
Нотариат институту Hyperledger Fabric платформасынын негизинде бөлүштүрүлгөн реестр технологиясына өткөрүлдү.
Долбоордун максаты – кагаз түрүндөгү жасалмалоолорду жоюу, купуя маалыматтарды коргоо жана криптографиялык алгоритмдерди колдонуу менен нотариалдык документтердин өзгөртүлбөстүгүн камсыз кылуу.
Жарандардын жеке маалыматтарынын жана мүлктүк укуктарынын коопсуздугу беш технологиялык деңгээл аркылуу камсыздалат:
Адам факторун жоюу: Нотариалдык реестр катуу хронологиялык ырааттуулук принциби менен иштейт. Тастыкталган маалыматтарды өчүрүү, өзгөртүү же артка даталап киргизүү нотариус, иштеп чыгуучу же тышкы тараптар тарабынан техникалык жактан мүмкүн эмес.
Бөлүштүрүлгөн сактоо: e-Notary маалыматтары бир эле учурда үч көз карандысыз түйүндө сакталат жана синхрондолот: Юстиция министрлигинде, Нотариалдык палатада жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасында. Бир сервердеги маалыматтардын дал келбестиги калган эки түйүн тарабынан бөгөттөлөт.
Криптографиялык текшерүү: Ар бир нотариалдык акт коддолот. Документтеги бир гана символдун өзгөрүшү анын санариптик изин (хешин) өзгөртөт, бул жасалмалоо аракетин дароо аныктайт.
Тармактын автономдуулугу: Блокчейн тармагы жабык жана жалпы интернеттен изоляцияланган. Ага кирүү криптографиялык сертификаттар аркылуу ишке ашырылат. Тышкы интернет өчүрүлгөн учурда система бүтүмдөрдү жергиликтүү түрдө каттайт, ал эми байланыш калыбына келгенде маалыматтарды синхрондоштурат.
Купуялуулук: Изоляцияланган каналдардын (Private Channels) колдонулушу бүтүмдүн мазмунуна кирүүнү чектейт – ал маалыматка бир гана катышуучулар жана ыйгарым укуктуу нотариус ээ болот. Үчүнчү тараптар үчүн маалыматтар шифрленген бойдон калат.