Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Бишкектеги №18 кесиптик лицейде окуучуга карата орой мамиле жасаган мугалимдин аракетине иликтөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган лицейдин мугалими А.А. тарабынан окуучуларга педагогикалык этикага туура келбеген мамиле жасалып, физикалык күч колдонгондугу боюнча кызматтык иликтөө башталды.
"Министрликтин башталгыч кесиптик билим берүү системасынын тиешелүү түзүмдөрү тарабынан аталган фактыны ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында атайын комиссия түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча окуяга юридикалык жана педагогикалык баа берилет, ошондой эле зарыл болгон тартиптик чаралар көрүлөт.
"Мындан тышкары, окуучулардын укуктарын коргоону күчөтүү, билим берүү процессинде зомбулукка жол бербөө жана педагогикалык этиканын нормаларын сактоо боюнча кесиптик лицейдин педагогикалык жамааты арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө",-деп белгиленет билдирүүдө.