Кыргызстанда орточо эмгек акы дээрлик 41 миң сомго жетти

Экономика Загрузка... 13 Июнь 2025 10:23
1050869586_0_0_3068_H6ivmdN.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда 2025-жылдын январь-апрель айларында орточо номиналдык эмгек акы 40 миң 776 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 18,6%га өскөн.

Ал кошумчалагандай, айлык акынын эң көп өсүшү кыймылсыз мүлк менен операциялар, курулуш, саламаттыкты сактоо, маалымат жана байланыш, калкка социалдык кызмат көрсөтүү, кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүк, ресторан жана кафе чөйрөсүндө, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу сыяктуу тармактарда катталган.

Эске салсак, 2025-жылдын январь-март айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 40 миң 264 сомду түзгөн.