Кыргызстанда салттуу май Альпиниадасы башталды

Спорт Загрузка... 30 Апрель 2026 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 30.04.26. /Кабар/. Чуңкурчак капчыгайында башталган Альпиниадага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген 2000дөн ашык тоо туризминин ышкыбоздору жана альпинисттер катышууда.

fb7fa5e2-3c3e-4534-a653-23c76dd161eb.jpeg

Бүгүн катышуучулар иш-чара өтүүчү жерге чогулуп, алар үчүн лагерь тигилип, атайын мастер-класстар уюштурулду. Спортчулар машыгууларды өткөрүп, багыттарды (маршруттарды) изилдешүүдө.

f8645d3a-627d-4877-b952-b63805688ed4.jpeg

Бул жылы спортчулар жана ышкыбоздор бийиктиги 4010 метрди түзгөн Альпиниада чокусун багындырууну көздөшүүдө.

Уюштуруучулар "Кабар" агенттигине билдиришкендей, мурунку жылдары май айындагы бул иш-чара салтка айланган Комсомолец чокусуна чыгуу менен өткөрүлүп келген. Эки чоку тең бири-бирине жакын жайгашкан, бирок аларга чыгуу багыттары эки башка тараптан: Комсомолецке - Ала-Арча тараптан, ал эми Альпиниада чокусуна - Аламүдүн капчыгайы тараптан чыгууга болот.

Акыркы жылдары Чуңкурчак аймагы кескин өзгөрдү. Мында туристтерди кабыл алуу үчүн ыңгайлуу мейманканалар курулуп, асма жолдор (канатка) салынган, ал эми альпинисттер үчүн татаалдыгы ар кандай болгон багыттар сунушталат. Тоо чокуларын багындыруучулар үчүн машыгуу шарттары абдан ыңгайлуу болгондуктан, Альпиниаданы дал ушул жерде өткөрүү чечими кабыл алынган.

f8645d3a-627d-4877-b952-b63805688ed4.jpeg

Белгилей кетсек, иш-чаранын расмий ачылышы командалардын тизилиши жана катышуучулардын парады менен башталды. 1-май күнү таңкы саат 05:00дө текшерүү каттоосунан өткөндөн кийин Альпиниаданын катышуучулары чокуга чыгууну башташат.

Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана дипломдорду тапшыруу аземи өтөт.