Бишкек, 09.05.26 /Кабар/. Бүгүн, 9-майда "Өлбөс полк" жүрүшү Бишкек, Манас, Талас, Ош, Караколдо жана башка шаарларда өтүп жатат.
"Өлбөс полк" жүрүшүнө Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп, миңдеген кыргызстандыктар көчөлөргө чыгышты.
Милиция кызматкерлери жер-жерлерде коопсуздукту камсыз кылууда.
Эскерте кетсек, быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы белгиленүүдө.