Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Кыргызстандык окуучу Али Арапов Тунистин Хаммамет шаарында өткөн International Cybersecurity Olympiad (ICO 2026) эл аралык киберкоопсуздук олимпиадасында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 28-июндан 5-июлга чейин өткөн мелдешке дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 70тен ашуун окуучу катышкан.
Ошондой эле Кыргызстандын курама командасынын жыйынтыгы боюнча Аман Досалиев (Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 9-класс), Арген Чурмуков (“Акылман” Президенттик лицейи, 10-класс) жана Кадыр Мураталиев (Сейтек STEM мектеби, 11-класс) катышуу сертификаттарына ээ болушту.