ЖОЖдорго жана колледждерге тапшыруу үчүн босого баллдар бекитилди

Билим Загрузка... 02 Июль 2026 17:15
studenty.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026-2027-окуу жылына карата жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуудагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллдарын бекитти.

Министрликтин маалыматына ылайык, белгиленген босого баллдар мамлекеттик гранттык орундарга жана контракттык негизде окууга өтүү үчүн минималдуу талап болуп эсептелет. Конкурска босого баллга тең же андан жогору упай топтогон абитуриенттер гана катыша алышат.

Жогорку кесиптик билим берүү (ЖОЖдор)

  • Көпчүлүк багыттар – 110 балл.

Педагогикалык багыттар:

  • грант – 130 балл;
  • контракт – 115 балл.

Саламаттык сактоо багыттары:

  • грант – 120 балл;
  • контракт – 110 балл.

Айыл чарба багыттары – 100 балл.

Аскердик билим берүү – 90 балл.

Предметтик тесттер – минималдуу 60 балл.

Орто кесиптик билим берүү (колледждер)

  • көпчүлүк адистиктер – 90 балл.

Педагогикалык адистиктер:

  • грант – 95 балл;
  • контракт – 90 балл.

Саламаттык сактоо адистиктери:

  • грант – 95 балл;
  • контракт – 90 балл.

Айыл чарба адистиктери – 80 балл

Предметтик тесттер – минималдуу 40 балл

Жеңилдетилген категориялар

I жана II топтогу майыптыгы бар жарандар, бала кезинен майыптыгы бар адамдар, жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар:

  • ЖОЖдор – 90 балл;
  • колледждер – 70 балл.