Бишкек, 10.11.25, /Кабар/. Кыргызстандын курама командасы 8-ноябрда Чилиде өткөн пара-триатлон боюнча дүйнө кубогунда жогорку жыйынтыктарды көрсөттү.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, PTVI Women (көзү азиз спортчу аялдар) категориясында Гүлназ Жүзбаева (коштоочусу Оксана Рыбакова) биринчи орунду камсыздап, алтын медаль утту. Аталган жеңиш дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы ондугуна кирип, кыргыз триатлону тарыхында алгачкы ийгилик болду.
Ал эми PTVI Men (көзү азиз спортчу эркектер) категориясында Жалалдин Абдувалиев (коштоочусу Иван Сушков) төртүнчү орунду ээледи.