Кытайдын коргоо министри расмий сапары менен Кыргызстанга келди

Саясат Загрузка... 26 Апрель 2026 19:29
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 26.04.26. /Кабар/. Бүгүн Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь расмий сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Жогорку даражалуу конокту "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов тосуп алды.

Ал 28-апрелде Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышат.