Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жыйын өткөрүлүп, жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүгө байланыштуу негизги маселелер талкууланды.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын министрдин орун басары Кемел Садыковдун жетекчилиги алдында өтүп, анда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий ишмердүүлүктү активдештирүү жана билим берүү тармагында коррупциянын алдын алуу чараларын күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Талкуунун жүрүшүндө билим берүүнүн сапатын камсыздоо, илимий потенциалды өнүктүрүү жана академиялык ак ниеттүүлүктү чыңдоо мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттарынын бири экени белгиленди.
"Замандын талабына жооп берген университет билимдин гана борбору болбостон, ачыктыкты, жоопкерчиликти жана айкындуулукту чагылдырган үлгү болушу керек. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана академиялык этиканы бекемдөө – коомдун жогорку билим берүү системасына болгон ишениминин негизи. Биз билим берүү тармагындагы коррупциянын себептерин ырааттуу жоюуга тийишпиз", — деп белгиледи Кемел Садыков.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча Илим министрлиги жогорку окуу жайларга бир катар сунуштарды берди. Министрлик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана алардын натыйжаларын коммерциялаштырууга багытталган ишти күчөтүүнү сунуштады.
Ошондой эле коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттерди көрүү, академиялык ак ниеттүүлүк принциптерин бекем сактоо жана окуу жайлардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.
Мындан сырткары, жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин күчөтүү, коррупцияга каршы аракеттерди системалуу жүргүзүү жана өлкөнүн илимий-инновациялык потенциалын жогорулатууга багытталган өнөктөштүк долбоорлорду өнүктүрүү зарылдыгы айтылды.