Лондондо электрондук тамекиден улам учактын бортунда өрт чыкты

Дүйнө Загрузка... 06 Апрель 2026 16:40
5375187348481578637.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Лондондун Гатвик аэропортунан Порту шаарына багыт алган "TAP Air Portugal" авиакомпаниясынын учагында өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары Португалиянын Учак жана темир жол кырсыктарынын алдын алуу жана иликтөө боюнча башкармалыгынын (GPIAAF) отчетуна таянып билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя учак саат 09:05те учуп чыгып, болжол менен 1,22 км бийиктикке көтөрүлгөндө болгон. Жүргүнчүлөрдүн биринин кол жүгүндөгү электрондук тамеки күйүп кеткен. Салондун ичин түтүн каптап, жүргүнчүлөр арасында дүрбөлөң жаралган.

Экипаж мүчөлөрү ыкчам аракет көрүп, өрттү жайылып кете электе өчүрүүгө жетишишкен. Учкучтар өзгөчө кырдаал жарыялап, аба кемесин кайра артка бурушкан. Натыйжада учак учкандан 13-14 мүнөт өткөндөн кийин Лондонго аман-эсен конгон. Окуядан эч ким жабыркаган жок.

Коопсуздукту кылдат текшергенден кийин, борттогу 180 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү Португа кайрадан учуп кетишти. Маалыматта белгиленгендей, окуя 8-февралда болгону менен, ал тууралуу маалымат GPIAAF мекемесинин кварталдык отчетунда гана жарыяланды.