Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Майкл Жексондун тасмасы 217 млн доллар киреше таап, рекорд койду. Бул тууралуу Associated Press агенттигине шилтеме берип, Казинформ жазды.
Маалыматка караганда, кирешенин 97 млн доллары АКШ жана Канададан чогулган.
Тасма музыканттардын өмүр баянын чагылдырган кинолор боюнча жаңы рекорд койду, мурда жанрдын эң мыкты ачылыштарын өткөргөн "Straight Outta Compton" жана "Bohemian Rhapsody" сыяктуу долбоорлордон ашып түштү.
Башкы ролду ырчынын жээни Жаафар Жексон ойногон.
"Майкл" тасмасы Голливуддагы жазгы сезонду улантты. Кассадагы башка хиттердин катарына Amazon MGM Studios компаниясынын "The Hail Mary Project" жана Universal компаниясынын "Супер Марио: Галактика" тасмалары кирет.