Манас шаарында 500 орундуу мектептин курулушу кайсы этапта?

Аймак Загрузка... 19 Июнь 2026 17:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Манас шаарында алты жаңы мектеп курулууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, алардын бири — Манас муниципалдык аймагында жайгашкан 500 орундуу №13 мектеп.

Долбоорго ылайык, билим уясы беш блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп курулууда. Жалпы аянты 4215 чарчы метрди түзөт.

Анда заманбап окуу класстары, китепкана, эки кабаттуу 322 орундуу жыйындар залы, азык-түлүк сактоочу кампасы менен ашкана жана бардык шарттары каралган спорт зал жайгашат.

Учурда курулуш аянтчасында 60 жумушчу эмгектенип жатат. Имараттын биринчи кабатынын дубалдары тургузулуп, үчүнчү кабаттын монолиттик иштери аяктап калды.