Мектепке электрондук каттоо: учурда 120 миң орун калды

Билим Загрузка... 15 Июль 2025 18:55
WhatsApp Image 2025-07-15 at 18.05.59.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Быйыл 1- жана 2-класстын окуучулары мектепке электрондук система аркылуу кабыл алынууда. Ал эми бул автоматташтырылган каттоо системасы ашыкча кезек күтүүлөрдү, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана каттоо ишин ачык-айкын жүргүзүүгө багытталган. Муну менен бирге эле бул ата-энелер үчүн дагы жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, алар документ топтоо, кезек күтүү түйшүгүнөн арылып, убактыларын үнөмдөшүүдө. Каттоонун аякташына бир айдай убакыт калды. Учурда өлкө боюнча балдарды мектепке каттоо иши активдүү уланууда.

Бүгүнкү күнгө карата “Мектеп” порталындагы (mektep.edu.gov.kg) ачык маалыматтарга ылайык, республика боюнча 170 миңге жакын бала мектепке катталган. Жалпы 289 миңден ашуун орун берилген. Системага учурда дагы 120 миңден ашык орун калганын көргөзүүдө. Ошондой эле жеңилдик берилген категориялар (жетим балдар, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башкалар) боюнча 30 миңден ашуун орун каралган.

Мектеп босогосун аттай турган эки класска төмөндөгүдөй орундар каралган:

1-класска - 138 847 орун берилген.

Анын ичинен:

73 448 бала каттоодон өттү;

65 399 орун азырынча бош.

2-класска — 150 722 орун каралган.

Анын ичинен:

96 093 бала катталды;

54 629 орун дагы ачык бойдон калууда.

Ал эми өлкөнүн борбору жана ички миграциянын негизги очогу болуп саналган Бишкекте окуучуларды мектепке каттоо жагдайы төмөндөгүдөй:

Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин маалыматы боюнча борбор калаага жалпысынан 33 миң 574 орун берилген. Анын ичинен 28 миң 614 окуучу катталып, учурда 3948 бош орун калган.

Агартуу министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, өлкө аймагы боюнча калган бош орундардын көбү - Ош, Нарын жана Баткен облустарына туура келет.

Министрлик айрым ата-энелердин балдарын мектепке каттатуусунун кечеңдетип жатышынын бир нече себеби бар экендигин белгиледи.

Ведомстводон билдиришкендей, Жарандык актылардын абалын каттоо (ЖААК) органдарынын маалыматтары толук санариптештириле электигине байланыштуу кээ бир балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү ата-энесине байланган эмес. Экинчиден, чет өлкөдө төрөлгөн балдардын маалыматтары “Түндүк” мамлекеттик порталынан чыкпай жатат. Үчүнчүдөн, кээ бир ата-энелер чет өлкөгө (миграцияга) чыгып кетишкен. Төртүнчүдөн, айрым ата-энелер туруктуу каттоо жери боюнча убагында тастыктама беришкен эмес. Бешинчиден, жарандардын ички миграциясы (өлкө ичинде көчүп-конуусу).

Мындан улам аймактык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Микроучастоктордун чек аралары текшерилип, даректер электрондук система аркылуу жаңыртылууда. Мектептер бош орундарды, квоталарды жана жеңилдик категорияларын тактап жатышат. Айрыкча Бишкек, Ош шаарларында, Чүй облусундагы эл көп жашаган райондордо мониторинг жүргүзүлүп, жигердүү иш жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 2025-2026-жылы 1- жана 2-класстын окуучуларын мектепке электрондук каттоо процесси 27-мартта башталган. Биринчи этаптын алкагында окуучулар катталган жерине жараша системадан автоматтык түрдө тандалышкан. Атап айтканда биринчи жолкусунда 132 миңден ашуун бала мектепке катталган. Ал эми каттоосу белгисиз же сунушталган мектептерден баш тарткан жарандар экинчи этапка калтырылган эле. Экинчи этап 2-июнда башталып, бүгүнкү күнгө чейин активдүү уланууда. Бул этапта микроучасток боюнча эмес, бош орун бар мектепти тандоо мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан, окуучулардын калган бөлүгү катталууда. Каттоо иштери 15-августка чейин уланат.

Арада бир ай убакыт калгандыктан, Агартуу министрлиги баласын мектепке каттатууну пландап жаткан жарандарды убакытты созбой эртерээк каттатып алууну сунуштайт.

Окуучуну mektep.edu.gov.kg сайтынан, Tunduk мобилдик тиркемесинен, ошондой эле MegaPay, МБанк жана МойО!+Банк тиркемелеринен каттоого болот.

Жол-жобосу төмөнкүдөй:

  • Каттоо үчүн баланы тандоо;
  • Облусун, районун же шаарын көрсөтүү;
  • Тизмедеги жеткиликтүү мектептердин бирин тандоо;
  • Окуу тилин тандап, «Мектепке каттоо» баскычын басуу.

Ошондой эле 110 кыска номерин терип, каттоо маселелери боюнча кеп-кеңеш алууга болот.