Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Москвадагы кардын калыңдыгы 55 жылдык рекордду жаңылады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Москвага түшкөн кардын калыңдыгы 12 сантиметрге жетти.
"Фобос" аба ырайын көзөмөлдөө борборунун жетектөөчү адиси Михаил Леустун айтымында, кардын калыңдыгы мурунку рекорддо 10 сантиметрди түзгөн.
Шаарга кар калың жааганда бак-дарактар кулады. Көптөгөн сейил бактар жабылды. Москвада жайкы дөңгөлөктөрү бар электр скутер, велосипед жана унааларды ижарага алуу токтотулду. Тургундарга, айрыкча дөңгөлөктөрүн алмаштыргандарга, метро менен жүрүүгө жана мүмкүн болсо, унаа айдоодон алыс болуу керектиги айтылды.
Москва облусунун айрым аймактарында убактылуу электр энергиясы өчүрүлүп, авариялык оңдоо иштери жүрдү. Шаардык жана алыскы аралыкка жүрүүчү поезд жана аба каттамдарда кечигүүлөр катталды.
Синоптиктер аба ырайы шаршемби күнү гана жакшырат деп билдирди.