Мугалимдердин санына эмес, сапатына көңүл бурууга мезгил келди – Кендирбаева

Билим Загрузка... 25 Август 2025 16:29
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Мугалимдер сабактардын пландарын жана окуу пландарын кол менен даярдоо милдетинен бошотулуп, бул иштер санариптештирилүүдө.

Агартуу министрлигинин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, эгерде мурда мектептер мугалимдер аркылуу 46га чейин ар кандай отчётторду тапшырышса, эми билим берүү процессин санариптештирүү жана интеграциялоо аркылуу отчёттордун 75 пайызы толугу менен жокко чыгарылууда.

Белгилей кетсек, бул аракеттер мугалимдерди кагаз жүктөн арылтып, бюрократиялык процесстерди кыскартууга багытталган. Бул мугалимдердин кагаз иштерге алаксыбай, окуучуларга сапаттуу билим берүүсүнө, жаңы окутуу ыкмаларын өздөштүрүүсүнө өбөлгө болот.

Жаңы окуу жылын утурлай, өлкөнүн билим берүү тармагындагы санариптештирүү жана кадр маселесине байланыштуу окуялар коомчулуктун көңүлүн бурууда. Министрликтин маалыматы боюнча айрым жумуш ордунан бошотууларга карабастан, статистика тескери санды көрсөтүп, 2025-жылы педагогикалык жогоркуу окуу жайларга тапшыргандар көбөйүп, жаштардын кесипке кызыгуусу артууда.

Белгилүү болгондой, 22-августта Бишкек шаардык мэриясы интернетте тараган № 37 мектептен 22 мугалим иштен кеткендиги тууралуу маалыматка комментарий берген. Муниципалитеттин маалыматы боюнча 22 педагогдун иштен кеткени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Ушул жылдын июль жана август айларында 15 мугалим жумуштан кеткен. Алардын бири пенсияга чыкса, сегизи жеке себептерден улам чет өлкөгө көчүп кеткендигине байланыштуу иштен кеттишкен. Ал эми алтоо борбордогу жеке менчик мектептерге которулган. Мында ата-энелер арасында мугалимдердин жетишсиздиги жаралат деген кооптонуулар болгон. Бирок, мэрия бошогон вакансияларга жаңы адистер ишке алынарын белгилеген.

Ал эми агартуу министри Доктургүл Кендирбаева сапатуу билим берүүдө мугалимдердин орду өтө маанилүү экенин, сандан сапатка өтүү мезгили келгенин “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

“Санариптештирүүгө өткөндө аныкталган терс статистикалар боюнча иштерди баштайбыз. Мисалы, табигый, так илимдер боюнча предметтерди окуткан мугалимдердин көпчүлүгү башка эле предметтерден келип окутуп жатышкандыгын көрүп жатабыз. Алдыда иштеп жаткан мугалимдердин жана мектепке жаңы келе турган мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, мыкты мугалимдердин келишине мамлекет тарабынан камкордуктар көрүлөт. Биз азыр мазмундук өзгөртүүлөрдүн биринчи этабын жүргүздүк. Экинчи этабында кадрдык, башкаруу жана баалоо системасын өзгөртүүнүн үстүнөн иш жүргүзөбүз. Президент айткандай, мугалимдердин санына гана сүйүнбөстөн, сапатка өтүүнүн мезгили келди. Кадрларды алуу системасынын санариптик платформасы түзүлүп жатат. Ошондо ар бир мугалимдин ишмердүүлүгүн, ийгиликтүү сабак өтүп жаткандыгын байкоо мүмкүнчүлүгү жаралат”, - деди Кендирбаева.

Үстүбүздөгү жылдын 18-19-август күндөрү Ош мамлекеттик университетинде “Алтын Казык - доор өзгөрткөн билим” аттуу республикалык август педагогикалык форуму өтүп, билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр, санариптештирүү иштеринин жүрүшү талкууланды. Мугалимдердин Республикалык август педагогикалык форумуна карата президент Садыр Жапаров мугалимдерге кайрылуу жасап, коомдон бир канча кадам алдыда жүрүп, окуучуларга керек болгон билимди, тарбияны берип, аларды өзгөрүп жаткан дүйнөгө даярдаган бул - мугалимдер экенин белгиледи.

“Мугалим - элдин авангарды. Сиздер өз өрнөгүңүздөр аркылуу бизге жол көрсөтөсүздөр. Ошондуктан күн сайын изденүү, жаңылануу, усулдарды жакшыртуу – Сиздердин кесиптик милдетиңиздер. Биз бул үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жатабыз. Жаңы мектептер курулууда, заманбап ноутбуктар берилүүдө, жаңы муундагы окуу китептери даярдалууда. Бирок, эң негизгиси - ар бир окуучуга камкордук менен мамиле кылуу, ар бир бала өзгөчө, ар биринде талант бар”,- деди президент.

Агартуу министрлигинин сайтында маалымдалгандай, өлкөнүн билим берүү системасынын тарыхында биринчи жолу педагогдор заманбап техника менен кеңири камсыздалууда. Ага ылайык, өлкө боюнча 27 миң мугалим жаңы ноутбуктарды алды, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин дагы 27 миң ноутбук берилет.

Бирок, мамлекет, мектеп жана мугалимдер тарабынан бардык жакшы шарттар түзүлгөнү менен ар бир баланын жакшы окуусу, таланты ачылып, ийгиликке жетишүүсүндө үй-бүлөнүн, ата-эненин ролу, тарбиясы чоң экендигин КР эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов социалдык тармакка берген маегинде билдирди.

“Образдуу түрдө айтканда балдарыбыз шумкар, бүркүт болсо, ошол шумкар, бүркүттүн бир канаты үй-бүлө, ата-эне, ал эми экинчи канаты мектеп, мугалим. Ошол эки канат менен учкан шумкарлар бийик учат, ийгиликке жетишет. Бар болгону эки канат тең иштеш керек. Азыр көбүнчө бир канат, мектеп, мугалимдер алынын жетишинче иштеп жатат. Экинчи канат болгон ата-энелер “мектеп менин баламды окутушу керек” деген түшүнүк менен жүрүшөт. Жок, ата-эне билим берүүнүн тең ата, тең жоопкерчиликтүү катышуучусу. Эгер ата-эне катышпаса академик сабак берсе да бала толук мазмундуу билим ала албайт”,- деди Мадаминов.

Жыйынтыктап айтканда, билим берүү системасында жүрүп жаткан санариптештирүү жана бюрократиялык процесстерди кыскартуу аракеттери мугалимдердин негизги миссиясы болгон - балдарга сапаттуу билим берүүгө шарт түзмөкчү. Мугалимдерге заманбап техникалык каражаттардын берилиши, жаңы мектептердин курулушу жана окуу китептеринин жаңыртылышы тармактагы чоң өзгөрүүлөрдү айгинелеп турат. Ошол эле учурда педагогдордун жетишсиздиги, иштен кетүүсү сыяктуу кадр маселелери дагы деле көйгөй жаратууда. Бирок, мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана жаштардын мугалимдик кесипке болгон кызыгуусунун жогорулашы бул көйгөйлөрдү жеңүүгө ишеним берет. Эң башкысы, ар бир окуучунун ийгилигинде мектеп менен үй-бүлөнүн бирдей жоопкерчиликтүү катышуусу зарыл. Билим берүү тармагынын натыйжалуулугу мугалим, ата-эне жана мамлекеттин биргелешкен аракетине түздөн-түз көз каранды.