Мугалимдин эмгегине жараша айлык. 2026-жылы маяна эки этап менен жогорулайт

Билим Загрузка... 25 Июль 2025 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Мугалимдердин коомдогу ролу жогорулаган сайын, алардын эмгегине татыктуу баа берүү өзөктүү маселе болууда. 2026-жылы билим берүү кызматкерлеринин айлыгы эки этап менен жогорулап, жаңы системада иштин натыйжалуулугу негизги өлчөм болот.

Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева буга чейин билим берүүнүн сапатын жакшыртууга мамлекеттик деңгээлде олуттуу аракеттер көрүлүп жатканын билдирип, келерки жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлөрүн белгилеген эле. Ал бул маалыматты “Кабар” агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө дагы айтты.

WhatsApp Image 2025-07-25 at 17.47.30.jpeg

Маек учурунда министр мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасы түзүлүп жаткандыгын билдирип, айлыктын көбөйүүсүнө жараша талап дагы жогорулай тургандыгын белгиледи.

“2026-жылдын апрель жана октябрь айларында эки этап менен мугалимдердин айлыгы жогорулайт. Учурда каржы кызматкерлери мунун үстүнөн иштеп жатышат. Сааттарды кыскартып коюу деген болбойт. Бирок, айлык акы мугалимдин иш натыйжасына карап көбөйтүлөт. Окуучунун билим сапаты жогорулаган сайын мугалимдин айлыгы да жогорулайт”, - деди министр.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, учурда мугалимдерге окуучулардын жетишкендиктерине жараша эмгек акы төлөөнүн модели иштелип чыгууда. Январь айынан тарта бул маселеге байланыштуу так маалыматтар белгилүү боло баштайт.

WhatsApp Image 2025-07-25 at 16.58.27.jpeg

Буга чейин дагы министр “Биз окуучулардын жетишкендиктерине чейректердин жана окуу жылдын жыйынтыгы боюнча мониторинг жүргүзөбүз. Бул үчүн бизге окуучунун санариптик күндөлүгү жетиштүү болот. Ал жерден карап керектүү маалыматтарды ала алабыз. Мындай учурда биз баланын билим деңгээлин ыкчам көзөмөлдөй алабыз” деген.

Мугалимдердин айлык акысы буга чейин 2022-жылдын январында президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 50%дан 80%га чейин көтөрүлгөн. Бул акыркы 10 жылдагы эң ири өсүштөрдүн бири болгон.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча өлкөдө 93 миңден ашуун мугалим эмгектенип, алардын 87 миңден ашууну мамлекеттик мектептерде иштейт. Жыл башынан бери билим берүү кызматкерлеринин орточо эмгек акысы 25 миң 764 сомду түзөт.