"Наристе" эл аралык фестивалы достук байланышты чыңдайт

Маданият Загрузка... 03 Июнь 2026 09:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев VI эл аралык "Наристе" балдар фольклордук фестивалынын катышуучулары менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Беларусь, Монголия, Казакстан, Корея, Түркия, Румыния, Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандан келген чыгармачыл жамааттардын жаш өкүлдөрү жана ардактуу коноктору катышты.

"Бул фестиваль сиздерге жаңы билим жана чыгармачылык тажрыйба гана эмес, эң башкысы — дүйнөнүн ар кайсы бурчунан жаңы досторду таап берерине ишенем. Дал ушундай жолугушуулар бири-бирибизди түшүнүүгө көмөктөшөт, өз ара урматтоону чыңдап жана көп жылдарга сактала турган достуктун пайдубалын түптөйт”, - деп айтты мэр.

Белгилей кетсек, "Наристе" эл аралык балдар фольклор фестивалы маданий алмашуу, элдердин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо жана балдардын чыгармачылыгы аркылуу улуттук каада-салттарды сактоо үчүн аянтча болуп саналат.