Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. 19-21-июнда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры сахнасында белгилүү “Сильфида” балетинин премьерасы өтөт. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.
“Сильфида” — бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген эң байыркы классикалык балеттердин катарына кирет. Бул чыгарма алгачкы жолу 1832-жылы Париж шаарында коюлган. Спектакль шотландиялык жаш жигит Жеймстин абада калкыган керемет периште Сильфидага болгон сүйүүсүн баяндайт.
Чыгарма балетмейстер-коюучу, эл артисти Айзада Тумакованын редакциясында сунушталууда. Балетмейстерлери — Август Бурнонвиль менен Филиппо Тальони. Дирижёр-коюучусу — Захар Бутенко, сүрөтчү-коюучусу Садык Мурзаханов жана костюмдардын автору — Рамис Абылмажинов.
Ал эми башкы каармандардын образдарын Ясмин Жанботаева жана Айгерим Сагынбаева (Сильфида), Саади Иманкулов жана Талгат Бейшекеев (Жеймс), Руслан Алжанов (Мэдж), Айдана Галиева (Эффи), Атабек Садыркулов (Гурн) жана Татьяна Майорова (эне) жаратышат.